• 88.68
  • 95
  • 0.95

Олимпиада оюндарына дагы бир жолдомо. Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын финалында

Спорт 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.

Жарым финалда кыргыз балбаны германиялык Луиза Ниемеш менен күч сынашып, аны 4:2 эсебинде жеңип, финалга чыкты. Ошону менен бирге Тыныбекова Парижде өтчү Олимпиада оюндарына жолдомо алды.

Тыныбекова 16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине 62 кг чейинки салмак чен бирдигинде 1/16 финалдан тарта катышууда.

Биринчи беттеште кыргыз балбаны польшалык жана молдовалык эки атаандашынын тең далысын жерге басып, таза жеңиш менен чейрек финалга өткөн. Ал эми чейрек финалда кыргыз балбаны 2:2 эсебинде украиналык Ирина Коляденкону сапаты боюнча жеңип, турнирдин жарым финалына өткөн.

Белгилей кетсек, аталган мелдеште 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда.

Эскерте кетсек, дагы бир кыргыз балбаны Айпери Медет кызы кечээ Дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, Олимпиада оюндарына жолдомо уткан. Ал эми Мээрим Жуманазарова алган жаракатынан улам чейрек финалда беттешке чыккан жок. Ошентип, Жуманазарова жараткатына байланыштуу Дүйнө биринчилигиндеги беттештерин жыйынтыктады.

Пикир

Оставить комментарий