• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө жыл башынан бери 70 жол кырсыгы катталып, 17 адам каза болгон

Аймак 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда 2024-жылдын 3 айында 70 жол кырсыгы катталды, деп билдирет "Кабар" агенттигине Жол кыймылыныны коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан.

Ведомствонун маалыматына караганда, кырсыктан 17 адам каза болуп, 114 жаран ар кандай жараат алган.

Күн мурун Ысык-Көл облусунда жол кырсыктарын алдын алуу жана ага карата тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү багытында жыйын өттү. Жыйын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын демилгеси менен уюштурулду.

Жыйынга президенттин аймактагы өкүлү Уланбек Далиев, ЖКККББнын башчысы Жеңишбек Жоробеков, Ысык-Көл ОИББдин, "Унаа" мамлекеттик агенттигинин, Жол тейлөө мекемелеринин жана айдоочуларды даярдоо мектептеринин жетекчилери катышты.

Жыйында түн ичинде көп каттаган өспүрүмдөр, жөө жүргүнчүлөр жана мал-жандыктардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу маселелери, түнкүсүн жарык чагылдыруучу каражаттарды иштеп чыгуу, туристтик мезгил учурунда жол тыгындарына жол бербөө жана эл арасында унаа кырсыктарын алдын алуу боюнча үгүт-насаат иштерин колго алуу маселелери каралды. Айдоочуларды даярдоодо унаа мектептердин техникалык базаларын жаңыртып, мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу багытындагы масалелер көтөрүлүп, аларды чечүүнүн жолдору талкууланды.

ЖКККББнын жетекчиси жол коопсуздугун жакшыртуу багытында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу максатында облус аймагындагы кызматкерлерге боди камераларды берүү каралып жатканын белгиледи.

Андан сырткары Бишкек - Нарын - Балыкчы - Торугарт унаа жолдорунун 137-чакырымынан тартып Балыкчы шаарына чейин жана Балыкчы - Ананьево - Каракол унаа жолдорунун абалын ЖКККББ тарабынан изилдөөлөрүнүн натыйжасындагы аныкталган кемчиликтерди тез аранын ичинде аткаруу боюнча жергиликтүү Жол тейлөө мекемелерине тапшырмалар коюлду.

Жыйындын сонунда Жоробеков облустагы жергиликтүү жол-чарба ишканалардын, айдоочуларды даярдоочу автомектептер, билим берүү мекемелеринин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында биргелешип комплекстүү түрдө иш алып баруу сапатын күчөтүп, биргелешкен иш-мерчемдер түзүлүүсүн баса белгиледи. Ушул эле сунушту облус башчысы Далиев дагы колдоого алыпп, өз багытында тапшырма берип, жол коопсуздугун камсыз кылууга көмөк көрсөтөрүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий