• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Базар-Коргон районунун Көк-Алма айылында 500 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 01.09.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрри Бообек Ажикеев Базар-Коргон районуна караштуу Көк-Алма айылындагы Р.Чойбеков атындагы жаңы салынган билим уясынын ачылыш аземине катышты.

Ведомстводон билдиришкендей, министр өлкө башчы Садыр Жапаровдун атынан аталган мектептин окуучуларын, мугалимдерин жана ата-энелерди 1-сентябрь — Билим күнү менен куттуктады.

"Мамлекет башчысынын демилгеси менен быйыл республика боюнча жыл аягына чейин 100 мектептин курулушу аяктай турган болсо, бүгүн өлкө аймагында анын 42си окуучулар үчүн эшигин ач", деген министр келечек ээлерин терең билим алууга чакыруу менен сергек жашоого үндөп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атынан спорттук буюмдарды мектепке белек кылды.

Белгилей кетсек Рыскул Чойбеков атындагы № 27 жалпы билим берүү орто мектеби 1970-1971 жылдары ишке киргизилген. Кийинчерээк балдардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу кошумча эки корпусу курулган. Бирок кийин катуу жер титирөөдөн улам мектептин дубалынан жарака кетип, атайын комиссиянын чечими менен имарат коркунучтуу абалда деген жыйынтык чыгарган.

Ал эми жаңы мектептин курулуш иштери 2022-жылы башталып, бүгүнкү күнү толук аяктады. Жаңы курулган мектептин имараты окуучулар үчүн ынгайлуу келип жарык жана кенен класстар, китепкана, ашкана, спорт залы жана башка бардык шарттар түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий