• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Сууда 100гө жакын адамды жумуш менен камсыздай турган завод ачылды

Өкмөт 0

Бишкек, 01.09.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жана Ош шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айыл аймагында “Салих Строй” ЖЧКсы тарабынан курулган асфальт-бетон жана таш майдалоочу заводдун ачылышына катышты.

Өз сөзүндө министрлер кабинетинин төрагасы мамлекетке ушул сыяктуу өндүрүштөр керек экенин жана Мамлекет башчысынын ар бир айылга асфальт барышы керек деген тапшырманы бергенин билдирди.

“Айрым учурларда ушундай ишканаларды көрүп көзүң кубанат. Заводдун алгачкы үзүрүн биринчилерден болуп айылдын 5 км жолуна асфальт төшөп бериптир. Бизге дал ушундай өндүрүш керек болчу. Садыр Нургожоевич бизге ар бир айылга асфальт барышы керек деген тапшырманы берди. Жолдордун асфальт болушу – бир жагынан мамлекеттин өнүгүүсүн көрсөтсө, экинчи жагынан элдин машиналары бузулбай, экономикалык жактан чоң жардам болот. Ошондуктан биз жеке менчик болсо дагы ар бир райондо бирден асфальт-бетон заводдорунун ачылышына абдан кызыкдарбыз жана бүгүнкүдөй демилгелерди кош колдоп колдойбуз”, - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, завод толук кандуу жумушка киришкенде 100гө жакын жаран туруктуу жумуш менен камсыз болот, мамлекетке 100 млн сомго жакын салык түшөт.

Пикир

Оставить комментарий