• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкө аймактарында калктын аярлуу катмарына берилген жардамдар тууралуу маалымат

Өкмөт 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын аймактарында 2020-жылдын 7-апрелине карата калктын аярлуу катмарына берилген жардамдар тууралуу маалымат.

Бишкек шаары:

Бишкек шаары боюнча муктаж үй-бүлөлөргө 2020-жылдын 6-апрелине карата жардам катары 5452 кап ун, 230 кг макарон, 2774 л өсүмдүк майы, 2603 кг күрүч, 1483 кг кумшекер, 22 кг эт, 447 кг картошка берилди. Мындан тышкары Араб фондусу аркылуу 6080 азык-түлүк пакет таратылган.

Жалпысынан 7269 үй-бүлөгө жардам берилди. Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 1 млн 168 миң 700 сомду түздү.

Медициналык каражат түрүндө 9100 даана бет кап, 440 л антисептик, 431 даана коргонуу кийимдери, 10650 даана кол кап берилди.

Ош шаары:

Ош шаары боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 96,4 тонна ун, 3500 кг макарон, 4700 л өсүмдүк майы, 1500 кг күрүч, 1100 кг кумшекер, 138 кг эт, 5200 кг картошка берилди.

Жалпысынан 3 743 үй-бүлөгө жардам берилди. Шаарда чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 9 354 000 сомду түздү.

Андан сырткары демөөрчүлөр тарабынан аз камсыз болгон жарандарга, бюджеттик мекемелердин (врачтар, милиция ж.б.) кызматкерлерине ысык тамак-аш уюштурулуп берилүүдө.

Гуманитардык жардам катары медициналык каражат түрүндө 0,8 тонна хлор, 15668 даана бет кап, 445 л антисептик, 104 даана коргонуучу кийимдер, 112 даана кол кап жана башка каражаттар берилди.

Ош облусу:

Аймактагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүлүүдө.

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 3 т 170 кг ун, 9 т 573 кг макарон, 54 583 л өсүмдүк майы, 2 т 600 кг күрүч, 3 т 864 кг кумшекер, 435 300 кг эт, 129 400 сомдук азык-түлүк пакеттери берилди.

Жалпысынан 33 144 үй-бүлөгө жардам берилди. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 5 149 400 сомду түздү.

Гуманитардык жардам иретинде медициналык каражат түрүндө 9 т 377 кг хлор, 306 998 даана беткап, 464 л антисептик, 1 246 даана коргоо кийимдери, 37 308 даана кол кап берилди.

Чүй облусу:

Аймактагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам катары 111,9 тонна ун, 6074 кг макарон, 2740 л өсүмдүк майы, 3108 кг күрүч, 3437 кг кумшекер, 2863 кг эт, 12885 кг картошка берилди.

Жалпысынан 4994 үй-бүлөгө жардам берилди.

Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 92500 сомду түздү. Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 7098 тонна хлор 31849 даана бет кап, 1087,5 л антисептик, 628 даана коргоо кийимдери, 16692 даана кол кап берилди.

Жалал-Абад облусу:

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 455.03 тонна ун, 6774 макарон, 22111 л өсүмдүк майы, 8286 кг күрүч, 1635 кг кумшекер, 369 кг эт, 3412 кг картошка берилди.

Жалпысынан 13536 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлгөн. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 6 млн 110 миӊ 796 сомду түздү.

Гуманитардык жардам катары медициналык каражат түрүндө 10,695 тонна хлор, 184994 даана беткап, 3643 л антисептик, 1056 даана коргоо кийимдери, 127643 даана кол кап берилди.

Баткен облусу:

Баткен облусу боюнча жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 216,8 тонна ун, 3457 кг макарон, 13699 л өсүмдүк майы, 1407 кг күрүч, 2697 кг кумшекер, 1386 кг эт, 1700 кг картошка берилди.

Жалпысынан 3132 үй-бүлөгө жардам берилди. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 1 млн 226 миң сомду түздү.

Медициналык каражат түрүндө 5,2 тонна хлор, 66266 даана бет кап, 1557 л антисептик, 564 даана коргоо костюмдары, 9965 даана кол кап гуманитардык жардам катары берилди.

Баткен шаарында «Ас-Сафа» Коомдук фонду тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 кап ун, 500 литр өсүмдүк май, 500 кг кум шекер берилди.

Ысык-Көл облусу:

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 195,187 тонна ун, 3904 кг макарон, 8589 л өсүмдүк майы, 1144 кг күрүч, 2662,0 кг кумшекер, 491 кг эт, 1045 кг картошка берилди.

Жалпысынан 4720 үй-бүлөгө жардам берилди.

Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 42420 сомду түздү. Гуманитардык жардамга медициналык каражат түрүндө 6,450 тонна хлор 1580,0 даана бет кап, 10,0 л антисептик, 65 даана коргоо костюмдары, 100 даана кол кап берилди.

Нарын облусу:

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 167 тонна ун, 2873 кг макарон, 8284 л өсүмдүк майы, 731 кг күрүч, 2631 кг кумшекер, 535 кг эт берилди.

Жалпысынан 2899 үй-бүлөгө жардам берилди. Гуманитардык жардам катары медициналык каражат түрүндө 1,3 тонна хлор, 88760 даана бет кап, 2088 л антисептик, 412 даана коргоо костюмдары, 10150 даана кол кап берилди.

БУУнун тамак-аш менен камсыз кылуу программасы тарабынан 21 тонна ун, 2100 л суу май жана башка демөөрчүлөр тарабынан дагы жардамдар көрсөтүлгөн.

Ошондой эле, мамлекеттин материалдык резервинен Нарын облусуна 281 тонна ун бөлүнүп, аз камсыз үй-бүлөлөргө жеткирилүүдө.

Талас облусу:

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 68 тонна 850 кг ун, 1 тонна 500 кг макарон, 750 л өсүмдүк майы, 5 тонна 675 кг күрүч берилди.

Жалпысынан 1988 үй-бүлөгө жардам берилди. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 6 млн. 105 миң сомду түздү.

Гуманитардык жардам катары медициналык каражат түрүндө 6 тонна 744 кг хлор 65180 даана бет кап, 1403 л антисептик, 670 даана коргоо костюмдары, 3705 даана кол кап берилди.

Көрсөтүлгөн жардамдын ичинде мисалы катары: «Элим барсынбы?» коомдук уюму аз камсыз болгон жарандарга, Кызыл Жарым Ай коому аз камсыз болгон улгайган жарандарга жана СПИД Борборуна, «Жаңы муун» коому онкологиялык оорулууларга жардам беришти.

Пикир

Оставить комментарий