• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча операциялык борбор ачылды

Өкмөт 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча биринчи операциялык борбордун ачылышына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Борбор калктын ден соолугуна байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууну координациялоо үчүн иштелип чыккан. Мындай борборлор "оперативдик борборлор", "кырдаалдык борборлор" жана "командалык пункттар" деп да аталат, өзгөчө кырдаал учурунда натыйжалуу чара көрүү үчүн стратегиялык координацияны, өз учурундагы маалымат алмашууну жана талдоону камсыз кылат.

Жылдыз Бакашова бул оперативдүү борборду ачуунун маанилүүлүгүн белгилеп, эл аралык өнөктөштөргө, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДСУ), АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигине (USAID) борборду түзүүгө жана санарип эпидемиологиялык платформаны өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын башталышынан бери көрсөтүлгөн үзгүлтүксүз жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Жаңы түзүм Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине жана башка мамлекеттик мекемелерге коомдук саламаттыкты сактоо боюнча өзгөчө кырдаалдар учурунда байланышты, маалыматты башкарууну, мобилизацияны, координацияны жана кызматташууну жакшыртууга жардам берет», - деди ал.

Белгилей кетсек, USAID жана ДСУ борборду жабдууга, анын ичинде керектүү жабдууларды сатып алуу жана атайын маалымат тутумун - интеграцияланган эпидемиологиялык платформаны иштеп чыгууга, ошондой эле Кыргыз Республикасында COVID-19 менен күрөштү күчөтүү максатында кызматкерлерди окутууга жардам көрсөтүшкөн.

Маалымат үчүн: 2021-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын президенти «Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.

Аталган Жарлыкта коомдук саламаттыкты сактоо кызматын заманбап санарпиптик технологияларды киргизүү жана ден-соолук үчүн тобокелдиктерди башкаруу жана баалоонун бирдиктүү улуттук тутумун түзүү менен реформалап, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда ыкчам чара көрүү механизмдерин аныктоочу катастрофалар медицинасынын бирдиктүү системасын түзүү тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий