• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте түштүк кореялык медициналык буюмдарды өндүрүүчү заводдун филиалы ачылды

Өкмөт 0

Бишкек, 16.07.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Би Кей Медикеар» түштүк кореялык медициналык буюмдарды өндүрүүчү заводдун Бишкек шаарындагы филиалынын ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Вице-премьер-министр компанияны куттуктап, өндүрүштү өнүктүрүүдө ийгиликтерди каалады.

«Бишкекте медициналык буюмдарды өндүрүү боюнча цехтин ачылышы биздин өлкөнүн жана Корея Республикасынын ортосунда эки жактуу мамилелерди мындан ары карай өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн жакшы башталыш болуп саналат», – деди ал.

Вице-премьер-министрдин айтымында, атамекендик фармацевтикалык рыноктун өзгөчөлүгү – анын импорттон көз карандылыгы. Ал белгилегендей, дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жылдык көлөмү 12 млрд сомду түзөт.

«Ошондуктан биз өз аймагыбызда дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүнүн потенциалын өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Биздин мамлекеттин дары саясаты калкты сапаттуу жана жеткиликтүү баадагы медициналык дары-дармектер жана буюмдар менен камсыздоого багытталган», – деди ал жана бүгүнкү күнү жергиликтүү фармацевтикалык рынок динамикалуу өнүгүп, жумуш орундар түзүлүп, жыл сайын бюджетке жана Социалдык фондго чегерүүлөр көбөйүп, мыйзамдуу рынок өсүп жана сапаттуу жана коопсуз дарыларды мамлекеттик көзөмөлдөө жакшырып жатканын белгиледи.

Вице-премьер-министр билдиргендей, «Би Кей Медикеар» компаниясынын Евразия экономикалык биримдигинин фармацевтикалык рыногуна кирүүгө жакшы мүмкүндүгү жана келечеги бар.

«Компания заманбап медициналык продукцияларды ишенимдүү жана сапаттуу өндүрүүчүлөрдүн арасынан татыктуу орунду ээлейт деп ишенем. Бүгүнкү күнү компания 50 жумуш ордун түздү. Алдыда 500гө чейин жумуш орун түзүү күтүлүүдө», – деди Разаков.

Маалымат үчүна: Компания заманбап өндүрүштүк жабдуулардын негизинде жыл сайын ар түрдүү багыттагы 180 млн ашуун медициналык пластырь өндүрүүнү пландаштырууда.

Келечектүү пландарга ылайык «Би Кей Медикеар» компаниясы Кыргызстанда өндүрүлгөн медициналык продукцияларды жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө экспорттоону пландап жатат.

Пикир

Оставить комментарий