• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Ички аскерлердин кызмат адамдары 20 млн сомду максатсыз пайдаланганы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.09.23. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары аныкталды, деп билдирет Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында аскердик жабдууларды мамлекеттик сатып алууда КР ИИМдин Ички аскерлеринин кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары аныкталды.

КРнын Аскердик прокуратурасына өткөрүлүп берилген материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" жана "Атайылап пайдасыз келишим түзүү" беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Алдын ала келтирилген чыгым 20 млн сомдон ашык каражатты түздү.

Пикир

Оставить комментарий