• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аймактардагы бизнес-долбоорлорго мамбюджеттен 2 млрд сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 21.11.19. /Кабар/. 2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоонун алкагында өкмөт мамлекеттик бюджеттен аймактардагы бизнести колдоо максатында 2 млрд сом бөлгөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында экономика министрлигинин инвестициялык саясат башкармалыгынын жетекчиси Ханчоро Мурзалиев билдирди.

Анын айтуусунда, бизнес-долбоорлорду тандоо үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Бүгүнкү күндө 590 млн сомго 30 бизнес-долбоор бекитилген. «Аталган 30 долбоордун баары аймактарда жайгашкан, каржылоо өнөр жай ишканаларды түзүү же аларды кеңейтүүгө багытталган. Бизнес-долбоордун сектору - бул айыл чарба, туризм, жеңил өнөр жай, IТ тармагы жана башкалар», - деп билдирди Мурзалиев.

Пикир

Оставить комментарий