• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарындын дыйкандарына брюссель капустасын өстүрүү сунушталат

Экономика 0

Бишкек, 29.03.24. /Кабар/. Айыл чарба министрлиги Нарындын дыйкандарына брюссель капустасын өстүрүү сунуштайт.

Брюссель капустасы негизинен аба ырайы катаал Бельгияда гана өстүрүлөт. Жашылча 5-6 айда бышат.

Күн мурун Өсүмдүктөрдү экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов “КыргызЦентрПродукт” компаниясы менен биргеликте жана RUK ZWAAN компаниясынын агрономдору райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктардын башчыларына жана дыйкан-фермерлерге жогорку маржиналдуу өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча онлайн семинар өткөрдү.

Семинарда башка өлкөлөрдө суроо талап көбөйүп жаткан түстүү капуста (цветная капуста), брокколи, брюссель капустасын (брюссельская капуста) жана жашыл буурчакты (стручковая фасоль) Кыргызстанда туура эгип өстүрүү, чет өлкөлөргө экспорттоо, анын кирешелүү жолдору жана пайдасы тууралуу маалымат берилди.

Жогоруда аталган жашылчаларды аймактарда өстүрүү региондорго экономикалык пайда алып келет.

Акыркы жылдары дүйнө жүзү боюнча жашылчаларды киши башына керектөө көбөйүп, бул жер-жемиштер аянтынын өсүшү жана брокколи, түстүү капустанын өсүшү менен күч алды.

Пикир

Оставить комментарий