• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй жана Таласта кескин күн сууктап, үшүк жүрүшү ыктымал

Коом 0

Бишкек, 29.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын эки облусунда 31-мартта жана 1-апрелде кескин күн сууктап, түнкүсүн жана күндүз үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Талас облусунун дыйканчылык аймактарында абанын табы -1…-3 градус, Чүйдө 1-апрелде 0…-2 градуска чейин суук болушу ыктымал.

Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунуч туудурат.

Пикир

Оставить комментарий