• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын октябрда электр энергиясын керектөөсү 1 млрд 396 млн кВт саатты түздү

Экономика 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын октябрь айында Кыргызстандын энергетика тутумунда электр энергиясынын керектөөсү 1 млрд 396 млн 957 миң кВт сатты түздү. Бул тууралуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын ошол эле мезгилинде бул көрсөткүч 1 млрд 286 млн 078 миң кВт саатты түзгөн.

Токтогул суу сактагычындагы суунун топтолушуна байланышкан учурдагы абалды эске алып, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК калкка жана башка керектөөчүлөргө электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу өтүнүчү менен кайрылат.

Пикир

Оставить комментарий