• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Экономика министри соода тармагындагы кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Экономика 0

Бишкек, 08.09.23. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев соода тармагындагы кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрдин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

"Урматтуу кесиптештер,

Урматтуу Кыргыз Республикасынын соода тармагындагы кызматкерлери!

Соода кызматкерлеринин эбегейсиз салымын эске алуу менен КР өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-мартындагы токтому менен 8-сентябрь соода кызматкерлеринин кесиптик майрам күнү деп белгиленген.

Экономика жана коммерция министрлигинин атынан жана жеке өзүмдүн атыман сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм.

Соода бул жөн гана товарларды сатуу эмес. Бул өлкөбүздүн экономикалык ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтүп, анын өсүп-өнүгүшүнө шарт түзгөн механизм.

Бүгүн биз Кыргыз Республикасынын бардык соода кызматкерлерине чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргибиз келет. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр жана эмгегиңиздер өлкөбүздүн экономикасын чыңдоого жана жарандарыбыздын жашоо деңгээлин жогорулатууга салым кошууда.

Бүгүнкү күндө соода – ички дүң продукциянын түзүмүндө алдыңкы орунду ээлеген жана республиканын бюджетине салыктык түшүүлөрдүн олуттуу бөлүгүн камсыз кылган экономиканын динамикалуу өнүгүп жаткан тармактарынын бири болуп саналат.

Статистикалык маалыматга ылайык, 2023-жылдын январь-июнь айларында дүң жана чекене сооданын көлөмү 338 миллиард сомду түзүп,

19,5 %га өстү, бул биздин экономиканын соода тармагынын динамикалык өнүгүүсүнүн айкын далили.

Ошол эле учурда республика боюнча чакан жана орто бизнестеги жалпы көлөмүндө соода жүгүртүүсүнүн үлүшү дээрлик 93 %ды түзөт. Маалым болгондой, чакан жана орто бизнестин негизги үлүшүн жеке ишкерлер түзөт.

Улуттук статистистикалык комитетинин маалыматына ылайык

2023-жылдын 1-июлуна карата 450 миңге жакын “жеке ишкерлер” катталган.

Ошондой эле, рынок экономикасынын калыптануу мезгилинде Кыргыз Республикасында ишкердиктин (биринчи кезекте жеке ишкердиктин) өнүгүшүндө тышкы соода негизги ролду ойногон.

Бүгүнкү күндө Соода – өлкөнүн өнүгүүсү үчүн маанилүү стимул болуп калууда жана экономикалык өсүштү камсыз кылууда. Кыргыз Республикасы үчүн өзгөчө эгемендүүлүккө ээ болгон алгачкы күндөрдөн тарта ички жана тышкы соодада рыноктук реформаларды жүргүзүүнүн аркасында жумуш орундары түзүлүп, калктын жашоо деңгээлинин жогорулашына таасирин тийгизди.

Албетте, соода тармагы да кыйынчылыктардан турары айкын, бирок ар бир чакырык - өсүү жана өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүк. Биз сиздер менен биргеликте заманбап талаптарды жана керектөөчүлөрдүн күтүүлөрүн эске алуу менен бул маанилүү тармакты өркүндөтүүгө умтулушубуз керек.

Бүгүн соода кызматкерлеринин күнүн майрамдоо да келечекке ушул багытка жакшы шарт түзөт. Биз инновацияларды колдоого, электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө, жаңы технологияларга жана керектөөчүлөрдүн жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөргө ыңгайлашууга тийишпиз. Бул бизге соодада атаандаштыкка жана ийгиликтүү болууга жардам берет.

Ошондуктан сиздердин ишкердик активдүүлүгүңүздөр жана Кыргыз Республикасынын экономикасына кошкон салымыңыздар үчүн рахмат. Сиздердин аракетиңиздердин аркасында өлкөбүздүн гүлдөп-өнүгүшү үчүн биргелешип аракет кылалы.

Жыйынтыктап айтканда, ар бириңиздерге оор, бирок маанилүү ишиңиздер үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Соода кызматкерлеринин бул күнү биздин ыраазычылыгыбыздын жана колдообуздун бир түрү болсун. Биз сиздерге, сиздердин жөндөмүңүздөргө жана мүмкүнчүлүктөрүңүздөргө ишенебиз.

Өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошкон салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз жана ишиңиздер ар дайым татыктуу натыйжаларды алып келсин.

Майраңыздар менен!"

Пикир

Оставить комментарий