• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖМК өкүлдөрү үчүн кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрмө бекеттерге пресс-тур уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 08.09.23. /Кабар/. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) өкүлдөрү үчүн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы Оштогу “Достук-автожол” жана Баткен облусундагы “Кайтпас-автожол” өткөрмө бекеттерине пресс-тур өткөрүлдү.

УКМКнын чек ара кызматынан билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан мамлекеттик чек араны кесип өтүп жаткан жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө ар тараптуу иштер жүргүзүлүп, чек арага канатташ жерлерде сооданын көлөмүн көтөрүүгө, ошондой эле Кыргызстандын жана аны менен чектеш мамлекеттердин туристтик жана транзиттик дараметин жогорулатууга багытталган стратегиялык маселелер чечилип жаткандыгы белгиленди.

Дал ушул Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөттөрү ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан эки өткөрүү жайларынын - Ош облусунун Араван районундагы эки тараптуу ”Кара-Багыш-автожол” КӨЖ жана Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы көп тараптуу “Бек-Абад-автожол” өткөрүү жайынын кайрадан иштеп баштоолоруна макулдашууга жетишишкен.

Мындан тышкары, 2006-жылдын октябрында кол коюлган жарандардын өз ара каттамы жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга тиешелүү өзгөрүүлөр жана толуктоолор киргизилген жана 2023-жылдын 01-сентябрынан баштап Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жарандары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын жалпы жарандык (чет элдик) паспорт менен катар эле ID-карталар менен да кесип өтүүгө мүмкүн болду.

Пресс-турдун жүрүшүндө 1-сентябрдан баштап “Достук-автожол” жана “Кайтпас-автожол” өткөрүү жайларында жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйгөндүгү белгиленди.

Алсак, Ош облусундагы көп тараптуу “Достук-автожол” өткөрүү жайынан бир сутка аралыгында 17 миңден ашуун адам, 300дөн ашуун жүк жана жеңил транспорттук каражаттары өтөт. Ал эми Баткен облусундагы эки тараптуу “Кайтпас-автожол” өткөрүү жайы 2 миң адамды өткөрүүгө ылайыкталганы менен чындыгында күн сайын бул жактан 5 миңден ашык адам, 500дөн ашуун жеңил автоунаа өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын мамлекттик чек арасын кесип өтүүгө шарттарды жакшыртуу боюнча иш-чаралар мындан ары да улана бермекчи.

Пикир

Оставить комментарий