• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"РСК Банкы" экспорттук-импорттук банк болуп өзгөртүлөт - Боронов

Экономика 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. "РСК Банкы" экспорттук-импорттук банк болуп өзгөртүлөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

"Учурда факторинг, консультациялык коштоо механизмдерин киргизүү үчүн мамлекеттик үлүшү бар банкты экспорттук-импорттук банк кылып түзүүнү пландап жатабыз. Биз мамлекеттик банктын бири - "РСК Банкын" кайра түзүп иштеп чыгууну пландаштыруудабыз. Анын максаты ата мекендик экспорттоочуларды, өзүбүздүн ишкерлерди колдоо үчүн каржы механизмдерин киргизүү болуп саналат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий