• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Исмаилова кызматтык ыйгарым укуктары токтотулушуна байланыштуу айлык маянадан баш тартты

Өкмөт 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова кызматтык ыйгарым укуктары токтотулушуна байланыштуу айлык маянасынан баш тартты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Мындан мурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Аида Исмаилова тарабынан Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматтык ыйгарым укуктарын шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулушу тууралуу буйрукка кол койгон.

Аталган мыйзамдын 21-беренесинини 3-пунктуна ылайык, талапкер иштеген, кызмат өтөгөн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери, аскер бөлүктөрүнүн командирлери жана органдардын тиешелүү кызмат адамдары талапкер арыз, рапорт менен кайрылган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде, менчигинин түрүнө карабастан эмгек акысынын орточо өлчөмүн мекеменин, ишкананын, уюмдун эсебинен сактоо менен анын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусун токтотуп турууга милдеттүү саналат.

Пикир

Оставить комментарий