• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Кашкар эркин экономикалык аймагына барды

Өкмөт 0

Бишкек, 02.03.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Кашкар эркин экономикалык аймагына барды.

Алгач минкаб башчысы Кашкар эркин экономикалык аймагындагы көрсөтмөлүү-көргөзмө павильонуна баш бакты. Бул жерде Кыргызстандан чыгарылган товарлар үчүн атайын орун бөлүнүп, бүгүнкү күндө айрым товарлар коюлган.

Андан ары Минкаб башчысы Кашкар эркин экономикалык аймагындагы Нарын эркин экономикалык аймагынын бондалык кампасына барды. Белгилей кетсек 2023-жылдын 9-декабрында "Кашкар" ЭЭА менен "Нарын" ЭЭА түзгөн келишимге ылайык, "Кашкар" ЭЭАдагы бондалык кампа "Нарын" ЭЭАга пайдаланууга берилген.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Кашкар шаарындагы "Кыргыз почтасы" Мамлекеттик ишканасынын бондалык кампасына барды. Бул кампада электрондук соода жүгүртүүнүн негизинде сатылган товарлар иргелип, даректерге жөнөтүлөөрү айтылды.

Пикир

Оставить комментарий