• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чолпон-Атада кыргыз-өзбек демаркация комиссияларынын жумушчу жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 21.08.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 13-августунан 19-августуна чейин Чолпон-Ата шаарында кыргыз-өзбек Биргелешкен демаркация комиссиясындагы Кыргызстан жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланды, ошондой эле демаркация иштерин жүргүзүү үчүн атайын (жалпы) геодезиялык тармакты түзүү боюнча даярдык иштери жүргүзүлдү.

Сүйлөшүүлөр достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий