• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

КР Өкмөтү Liglass Trading компаниясына 1 млн 147 миң доллар кепилдик төлөмүн кайтарбайт - Зилалиев

Экономика 0

Бишкек, 20.09.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын өкмөтү Liglass Trading компаниясына 1 млн 147 миң доллар өлчөмүндөгү кепилдик төлөмүн кайтарбайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

Анын айтымында, компаниянын билдирүүсү – бул сандырак кеп.

“Кааласа, сотко беришсин”,-деди ал.

Белгилей кетсек, Liglass өкмөт 1 млн 147 миң доллар өлчөмүндөгү кепилик төлөмүн 11-августка чейин кайтарып берүүсү керек эле деп эсептешет, бирок алар беришкен жок.

Эскерте кетсек, 18-сентябрда өкмөттүн жыйынында премьер-министр Сапар Исаков министрлер кабинети Liglass менен ГЭСтердин курулушу боюнча келишимин 37 млн долларды төлөө мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу бузган.

Пикир

Оставить комментарий