• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КМШ өлкө башчылары товарларды жана кызматтарды жылдыруудагы тоскоолдуктарды четтетүү маселелерин талкуулашат

Экономика 0

Сочи, 11.10.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Сочиде өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынында товарларды жана кызматтарды жылдыруудагы тоскоолдуктарды четтетүү маселелерин талкуулашат. Бул тууралуу жыйында Россиянын президенти Владимир Путин билдирди.

Путин КМШ МБК жыйынын тар чөйрөдө ачып, мындай иш-чарага алгачкы ирет катышып жатышкан Өзбекстандын президенти – Шавкат Мирзиеевди жана Молдаванын президенти Игорь Додонду куттуктады.

Анын айтымында, саммиттин күн тартиби кыйла олуттуу. “Биз КМШ алкагында кызматташуу бекемдөө жолдорун белгилеп, Шериктештиктин жана анын түзүмүнүн таасирдүүлүгүн арттыруу иш-аракеттерин талкуулайбыз”, -деди Путин.

Россиянын президенти саммитте экономикалык тематикага, соода-инвестициялык байланыштарды тереңдетүүгө, товарларды жана кызматтарды жылдыруудагы тоскоолдуктарды четтетүү маселелерине өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

“Бизде жаңы, ири, өз ара пайдалуу жана иштиктүү долбоорлорду ишке киргизүүгө бардык мүмкүндүктөр бар. Саммиттин жүрүшүндө гуманитардык багыттагы бир катар маанилүү чечимдер каралат. Аларды ишке ашыруу өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин коңшулаштык алакаларын, маданият, билим, илим жана туризм жаатындагы алмашууларына аракеттешет деп ишенебиз”,-деп билдирди Путин.

Кыргызстандан жыйынга премьер-министр Сапар Исаков катышууда.

Пикир

Оставить комментарий