• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Элчи Өмүралиев түркиялык ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык потенциалы тууралуу айтып берди

Экономика 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Жаш ишкерлер жана жетекчилер ассоциациясынын (GGYD) төрагасы Незих Аллыоглу жетектеген түрк ишкерлери менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптар аталган ассоциациянын ишкерлери менен Кыргызстандын ишкер чөйрөлөрүнүн кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Өмүралиев ишкерлерге Кыргызстандын экономикасы, инвестициялык потенциалы жана өлкөдөгү бизнес жүргүзүү үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди.

Элчи экономиканын негизги секторлоруна (кызмат, айыл-чарба, жер казынасын пайдалануу, энергетика ж.б.), аз салыктарга, капиталдын эркин кыймылына, 10% гана пайдаланылган энергетикалык потенциалга, ошондой эле өндүрүлгөн продукцияны сатуу үчүн ЕАЭБдин, Жалпы преференциялар системасы+ (ЖПС+) программасынын алкагында Европа Биримдигинин жана ЖПС+ программасынын алкагында АКШнын ж.б. базарларына көңүл бурду.

Элчи Өмүралиев аталган ассоциациянын ишкерлерин инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө жана өндүрүш аянтчаларын ачуу үчүн Кыргызстанга чакырды.

Ассоциациянын ишкерлери элчиге маалымат үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга келерин билдиришти.

Маалымат үчүн: Жаш ишкерлер жана жетекчилер ассоциациясы (GGYD) - туризм, медицина, консалтинг, өнөр жай, соода ж.б. тармактардагы 650 компанияны бириктирген түркиялык ишкерлердин уюму. Ассоциациянын башкы кеңсеси Анкарада жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий