• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Республикада негизги айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп-жыйноо иштери аяктады

Экономика 0

Бишкек, 13.12.19. /Кабар/. Республикада негизги айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп-жыйноо иштери аяктады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлайт.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрына карата абалы боюнча дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречкасыз) 552,2 миң гектар аянттан жыйналды, бастырылган эгиндер (алгачкы кабыл алынган салмакта) 1 813,6 миң тоннага же 1,5%га көп.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу арпанын дүң жыйымы 6,8%, анын ичинде Жалал-Абад облусунунун чарбаларында – 36,3%, Ош – 19,2%, Баткен – 13,7%, Нарын – 9,9% жана Чүй облусунун чарбаларында – 2,8%га көбөйгөн.

Жалпы республика боюнча мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өндүрүү 5,3%, анын ичинде Ысык-Көл облусунунун чарбаларында – 18,8%, Баткен – 6,6%, жана Жалал-Абад облусунун чарбаларында – 3,0%га өстү.

Муну менен катар картошканы өндүрүү үстүбүздөгү жылы 22-ноябрына карата абалы боюнча өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 5%, анын ичинде Талас облусунун чарбаларында – 8,5%, Ысык-Көл – 8,5% жана Чүй облусунун чарбаларында - 5,3%га кыскарды.

Буудайдын дүң жыйымы өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 4,4%, анын ичинен Нарын облусунун чарбаларында – 24,9%, Ош – 12,5%, Талас – 11,7%, Жалал-Абад – 10,5% жана Чүй облусунун чарбаларында – 1,9%га төмөндөдү.

Пахтаны өндүрүү 8,3 пайызга, анын ичинде Баткен облусунунун чарбаларында – 15,5%, Ош облусунда – 9,1% жана Жалал-Абад облусунун чарбаларында – 7,7%га өстү. Кант кызылчасын өндүрүү 6,9%га көбөйгөн, анын ичинен Талас облусунун чарбаларында – 37,9%, Чүй облусунунун чарбаларында - 6,2%га өстү.

Пикир

Оставить комментарий