• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 383 млрд сомдон ашты

Экономика 0

Бишкек, 12.12.22. /Кабар/. 2022-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстанда өнөр жай продукциясынын көлөмү 383 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көлөм өткөн жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу 14%га өскөн.

"Көлөмдүн өсүшүн негизги металлдарды (30,0 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердиктин (29,3 пайызга), мунайзат азыктарын (14,4 пайызга), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн (11,2 пайызга), текстиль өндүрүшүнүн, кийим жана бут кийим, булгаары жана булгаарыдан жасалган буюмдарды өндүрүүнүн (5,9 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун (8,5 пайызга) көлөмүнүн өсүшү шарттаган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий