• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коррупцияга каршы күрөшүү үчүн ачылган бирдиктүү эсепке 586 миллион сом түштү – Абылгазиев

Экономика 0

Бишкек, 29.11.18. /Кабар/. Коррупцияга каршы күрөшүү үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 586 миллион сом түштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Өз кезегинде финансы министри Адылбек Касымалиев анын ичинен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын линиясы боюнча 226 миллион сом, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети боюнча 159 миллион сом, Башкы прокуратура боюнча 185 миллион сом, Ички иштер министрлиги боюнча 11,5 миллион сом түшкөнүн айтты.

«Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтом Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде каралган процедураларды эске алуу менен кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий