• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркиянын ТИМ башчысы Чавушоглу: Тынчтыкты камсыздоо демилгеси тышкы саясатты талап кылат

Дүйнө 0

Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кызматташуу боюнча эки башка маалымат жыйыны тууралуу макала. Жыйын Чавушоглу тарабынан Стамбулда өткөрүлөт.

"Тынчтыкты камсыздоо демилгеси тышкы саясатты талап кылат

Бул аптада Стамбулда бири-бири менен тыгыз байланышкан эки эл аралык конференция өткөрүлөт. Алардын биринчиси, конфликттүү аймактардагы азыркы абал жана Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) мүчөлөрүнүн медиация мүмкүнчүлүктөрү тууралуу болот. Экинчи конференцияда болсо кененирээк чөйрөгө багытталып, туруктуу өнүгүү, тынчтык жана медиация арасындагы байланыштар, ортомчулук кылууда гендердик теңдүүлүктүн сакталуусу жана жаштарды бул жараянга катыштыруунун жолдору, муну менен биргеликте конфиликт жана медиация анализиндеги масштабдуу маалымат жана жасалма акылдын ойногон ролу тууралуу түшүндүрмө жана талкуулардан турган отурумдар өткөрүлөт. Аталган конференциялар бир карай келгенде жөн гана кадыресе иш-чара катары көрүлүшү мүмкүн, бирок медиация боюнча өткөрүлгөн конференциялардын көйгөйлөрдү чечүүдө орток пикирге келүү, медиация жана талаш-тартыштардын тынчтык жолу менен аткарылышы багыттардында таасиринин күчтүү болоору буга чейинки тажрыйбаларда тастыкталды. Аталган конференцияларды өткөрө турган жана Бириккен Улуттук Уюму (БУУ), Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) жана Европада Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) сыяктуу үч маанилүү эл аралык уюмдардын түзүмүндөгү Медиаторлор Достук Тобуна теңтөрагалык кылган жалгыз өлкө катары Түркия, аталган конференцияда каралган маселелерди жогорудагы уюмдар менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Чындыгында, 21-кылымда адамзат башка түрдүү сыноого кабылды. Көптөгөн кишилер эл аралык укук, эл аралык институт, демократия жана укуктун үстөмдүгү, жоопкерчилик, эркин базар экономикасы, гендердик тең укуктуулук ж.б.у.с. маселелерде көп иш аткарылган, стакандын жарымы толгон деп ойлошот, бирок стакандын толбой калган жарымы азыркы учурда алдыга чыга баштады. Эмнени айтып жатканымды баарыбыз тең жакшы билебиз, аны кайра-кайра кайтоолонун кажети жок. Соода согушу, эл аралык эксплуатациялардын жаңы түрлөрү, геополитикалык атаандаштык, чоң-чоң державалардын прокси согуштары, улуттук мамлекеттердин талкалануусу, терроризм, ксенофобия, Исламга душмандык, күн санап өскөн теңсиздик жана адалетсиздик – жогоруда белгилегендей, стакандын бош болгон жарымын ээлеген бүгүнкү күндөгү тенценциялардын катарында. Адамзат кабылган бул сыноо, адамзаттын ийгилик жана мүмкүнчүлүктөрүн жок кылууда. Муну кайсы өлкө, кайсы тарап жеңет? Мунун жообу, биздин, адамзаттын, бул маселелерди чечүүдө оң натыйжаларга жетишүү үчүн жасаган бирдиктүү кадамыбызга байланыштуу. Азыр бизге белгилүү болгон бир гана нерсе: биз демилгени колго алып, гумандуу жана демилгечи болбосок, жаман тарап жеңишти багындырат. Күтөлү, көрөлү деген көз караш эми ишке жарабайт. Саясий параметрлер, медиация жана террористтерге каршы күчтү иш жүзүндө колдонууда айырмаланып турат.

Мисалы, Сириядагы абалды карай турган болсок, Түркиянын демилгечи жана гуманитардык аракети ДАИШ жана PПК / PYD / YPG террордук уюмдарынан жалпылап айтканда 4000 чарчы километр жерди тазалады. Эгер биз каршы күрөшпөгөн болсок, калкыбыз бул террористтердин соккусуна дембе-дем дуушар болуп, Сириянын абалы тууралуу эч кандай саясий чечимге жетишүүсү мүмкүн болмок эмес. Түркия гуманитардык азаптан арылтыш үчүн колунан келгендин баарын кылып жатат, дүйнө жүзүндөгү качкындардын көбүн өлкөсүнө кабыл алды жана гумманитардык жардамдарга дүйнөлүк экономикадан да көп өлчөмдө каражат жумшоодо. Түркия муну менен биргеликте ондогон, жүздөгөн адамдардын өмүрүн сактап калуу максатындагы келишимдердин кабыл алынуусу үчүн бардык аракетин көрүп, коңшу Сириянын мамлекеттик бүтүндүгүн сактоого багытталган саясий чечимдерге колдоо көрсөтүүдө.

Сирияны жөн жерден мисал кылып жаткан жерим жок. Сирия алдын алуучу дипломатиянын маанисин бизге дагы бир жолу сездирүүдө; анткени конфликт оту бир улутту бир жолу алкымдан алган болсо, алдын-ала айта алчу жалгыз гана нерсе, бул конфликт оту ал мамлекеттин башына мурда болуп көрбөгөндөй жыйынтыктар алып келерин божомолдоо болуп саналат. Жарандардын бир мууну кандайдыр бир жолдор менен жок болуп, келечеги бүдөмүккө кептелет. Бир нече миң километр узакта болгонуна карабай, бардыгы, же террордук чабуулдан, экономикалык шоктон, башаламан көч же болбосо адамдык абийирдин жаралануусунан азап тартат.

Эгер алдын алуучу дипломатия жана конфиликттердин тынчтык жолу менен чечилүүсү маанилүү нерсе десек, буга олуттуу мамиле кылуубуз керек. Бул баалоо, БУУ, ИКУ жана ЕККУ түзүмүндөгү Медиаторлор Достук Тобуна теңтөрага катары бул апта Стамбулда медиация тармагындагы мүмкүнчүлүктөрдү арттырууга тиешелүү окутуу программасы жана медиация боюнча эки конференцияны өткөрүү алдында турган Түркиянын аракети медиация тармагына багытталат.

Пикир

Оставить комментарий