• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Женева университети 2022-2023-окуу жылына карата магистратурада окуу үчүн стипендия жарыялайт

Билим 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. Женева университети 2022-2023-окуу жылына карата Европа жана эл аралык башкаруу боюнча магистратурада окуу үчүн стипендия жарыялайт. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Женева университети БУУнун Женевадагы кеңсеси менен биргеликте уюштурган Европа жана эл аралык башкаруу жаатындагы келечектүү изилдөө магистрдик программасы глобалдык жана аймактык башкаруу программасынын флагманы экенин далилдеген.

Жогорку академиялык стандарттарды мыкты тажрыйба жана практикалык окутуу менен айкалыштыруу бүткүл дүйнө жүзүндөгү катышуучуларга башкаруу тармагына кесипкөй катары киришүүгө жана карьерасын илгерилетүүгө мүмкүнчүлүк берген.

"Программанын ийгилиги жеке демөөрчүлөрдү окуу акысын жана Женевада жашоо чыгымдарын жабууга олуттуу салым кошкон 45 миң швейцария франкы өлчөмүндөгү 5 толук стипендияны сунуштоого өбөлгө түзгөн. Мындан тышкары, донорлор жашоо чыгымдарына салым катары быйыл 20 миң швейцария франкы өлчөмүндөгү 5 кошумча стипендияны сунушташкан. Стипендиянын эки түрү тең программага байланыштуу чыгымдарды жабууга финансылык мүмкүнчүлүгү жок потенциалдуу катышуучулар үчүн сакталат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетүүчү жагдай, бул программанын катышуучулары окууну аяктагандан кийин өз өлкөсүнө кайтууга милдеттүү.

Билим берүү жана илим министрлигинен белгилегендей, программага катышууга жана стипендия алууга кызыкдар болгон потенциалдуу талапкерлер тиркелген формада арыз толтуруп, ушул жылдын 8-ноябрына чейин КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигине жөнөтүүгө тийиш.

Дареги: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 57

Электрондук почтасы: dded@mfa.gov.kg

Пикир

Оставить комментарий