• 88.68
  • 95
  • 0.95

Билим берүү министринин орун басары Жалал-Абаддагы кесиптик лицейлерди кыдырууда

Билим 0

Бишкек, 08.07.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу иш сапар менен Жалал-Абад облусундагы кесиптик лицейлерди кыдырууда. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары кесиптик лицейлердин абитуриенттерди кабыл алууга болгон даярдыгы, окутуучу курамы, окутуунун жүрүшү, материалдык-техникалык базасы менен таанышууда. Буга кошумча кесиптик лицейлердеги көйгөйлөр тууралуу суроолорго жооп берип, билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Белгилей кетсек, Расул Абазбек уулу президент Садыр Жапаровдун элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө жана жарандардын турмуш-тиричилигине байланышкан маселелеринен кабар алуу жана аны чечүү тапшырмасын аткаруу үчүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, башкы прокурор Курманкул Зулушев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев менен бирге иш сапарда жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий