• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Билим берүү жаатындагы кыргыз-казак кызматташтыгынын приоритеттүү багыттары талкууланды

Билим 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. КР билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаевди кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу маалында билим берүү жана илим жаатындагы эки өлкөнүн кызматташуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун башында Купешев казак тарапты жылуу маанайда тосуп алып, боордош эки өлкөнүн билим берүү байланыштары бардык деңгээлдердеги жаңы демилгелер жана идеялар менен дайыма азыктанып турарын белгиледи.

Сөз баштап жатып, Жошыбаев министрге Казакстандын билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетовдун салам дубасын жеткирип, жакын арада Аймагамбетов иш сапары менен Кыргызстанга келүүнү пландап жатканын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Казакстанга мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Купешев учурдан пайдаланып кыргызстандык жарандардын Казакстандын жогорку окуу жайларында окуусу үчүн квотанын санын көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алгандыгы үчүн казак тарапка ыраазычылык билдирип, кыргыз тарап да азыркы учурда казакстандык жарандардын Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алуусу үчүн квотанын санын 10го чейин көбөйтүү чечимин кабыл алганын белгиледи.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 2-3-мартында Казакстанга жасалган иш сапарынын жүрүшүндө казак тарап КР жарандары үчүн квотаны 50 орунга чейин көбөйтүү тууралуу демилге көтөргөн.

Өз кезегинде кыргыз тарап да бөлүнүүчү квоталардын санын 10го чейин көбөйтүүгө даяр. Жетишилген макулдашууларды 2006-жылдын 4-июлундагы Кыргызстан өкмөтү менен Казакстан өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташуу жөнүндөгү макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколго кол коюу жолу менен бекемдөө пландалууда.

Жолугушууда дагы бир маселе, Кыргызстанда Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университетинин филиалын ачуу маселеси, талкууланды. Элчи Аль-Фараби атындагы КазМУнун жетекчилиги ушул маселе боюнча КР Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн жакын арада Бишкек шаарына келүүнү пландап жатканын маалымдады.

Ошондой эле билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү жана бекемдөө максатында тараптар:

- Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын билим берүү уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты арттырууну;

- Тараптардын жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулар курамынын жана илимий кызматкерлеринин эки өлкөнүн аймагында өткөрүлүүчү конференцияларга, симпозиумдарга, семинарларга, тегерек столдорго катышуусун камсыз кылууну;

- Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамын академиялык мобилдүүлүктүн алкагында эки өлкөнүн жогорку окуу жайларында сабактарды өтүүгө тартууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий