• 88.68
  • 95
  • 0.95

Быйыл Кыргызстанда 73 миңден ашык окуучу мектепти аяктайт

Билим 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Кыргызстанда бул жылы 73 миңден ашык окуучу мектепти аяктайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Асан кызы билдирди.

Ал ошондой эле бүтүрүүчүлөргө толук орто билими тууралуу аттестат бекер берилерин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий