• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда 40 миңге жакын педагог окутуудан өттү

Коом 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Кыргызстанда «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында 40 миңге жакын педагог окутуудан өттү.

Аталган долбоордун PR-кызматынан билдиришкендей, Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында пилоттук 1200 мектептеги 39 410 педагогду окутту. Дагы 20 миңдей мугалим тренингден өтөт.

Педагогдордун кесиптик көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган иш чаралар 2023-жылы башталган. Азыркы учурга келип окутулган мугалимдердин саны төмөндөгүдөй:

  • «Санариптик сабаттуулук» программасы боюнча –22 540 мугалим;
  • «Инновациялык педагогикалык технологиялар» программасы боюнча - 5390 миң башталгыч класс мугалими;
  • «Инновациялык педагогикалык технологиялар жана STEM билим берүүнүн негиздери» программасы (математика, химия, физика, биология жана география) боюнча - 5760 мугалим;
  • «Коррекциялык окутуунун техника жана ыкмалары» программасы боюнча - 5720 мугалим.

Бардык программалар боюнча окутуулар гибриддик форматта – онлайн, оффлайн, башкача айтканда реалдуу режимде өткөрүлүп жатат. Ошондой эле мугалимдер тарабынан практикалык мүнөздөгү тапшырмаларды аткаруу үчүн өз алдынча иш каралган. Оффлайн тренингдердин негизги бөлүгү каникул убагында өткөрүлөт. Тесттерди ийгиликтүү тапшырган мугалимдер 72 сааттык окуу курсун бүтүргөн катары эсептелип Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун сертификаттарын алышат.

Белгилей кетсек, «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында бир нече багыттар боюнча жалпы 59 миңдей педагогдун билимин жогорулатуу пландалган.

Пикир

Оставить комментарий