• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында айлана чөйрөнү көктөндүрүү боюнча үч айлык башталды

Аймак 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлык боюнча штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.

"Жылда Ошто жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлык жарыяланып келет. Андыктан алдыда жасалуучу жумуштарга баарыбыз активдүү катышып, тазалоо жана жашылдандыруу багытына кайдыгер болбойлу", – деди мэрдин орун басары.

Соңунда жооптуу кызматкерлерге тийиштүү талаптар коюлуп, жазгы үч айлык боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий