• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ноокат районунда жаңы мектептин курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Борко айылында жайгашкан Келдибек Каримов атындагы орто мектебинин курулуш иштери башталды. Бул тууралуу Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, капсула салуу иш-чарасына ЖКнын депутаты Т. Зулпукаров, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Д. Маматалиев, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акуш Асанбаев, айыл аксакалдары жана мугалимдер катышты.

Мектептин жалпы сметалык баасы 71 млн 210 миң сомду түзүп, толук комплектүү баардык шарты менен түзүлгөн долбоордун негизинде "Юг строй сервис" ишканасы тарабынан курулуп жатат.

"Маалымат үчүн айта турган болсок учурда 190 орундуу мектепте 600 дөн ашуун окуучу билим алып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий