• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнүн бир бөлүгүнө асфальт төшөлөт

Аймак 0

Бишкек, 11.03.24. /Кабар/. Ош шаарындагы Р.Абдыкадыров көчөсүнүн бир бөлүгүнө асфальт басылат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, быйылкы жылы шаар мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасы менен Р. Абдыкадыров көчөсүнүн Өскөналиев көчөсүнөн (болжол Кадамжай дүкөнү) баштап Б.Осмонов көчөсүнүн кесилишине чейинки бөлүгүнө асфальт төшөө иштери жүргүзүлөт.

Мэриядан белгилешкендей, жолдун жалпы узундугу болжол менен 800 метр.

Пикир

Оставить комментарий