• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ТИМ: АКШда каза болгон эки кыргызстандыктын сөөгү мекенине алынып келди

Коом 0

Бишкек, 11.03.24. /Кабар/. АКШда каза болгон эки кыргызстандыктын сөөгү мекенине алынып келди.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, “Жүк-200” 8-мартта эртең менен "Манас" эл аралык аэропортуна жеткирилген.

Каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча тиешелүү иштер Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы элчилиги жана АКШдагы кыргыз диаспорасы менен биргеликте ыкчам түрдө уюштурулган.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 3-мартында АКШнын Филадельфия шаарында жол кырсыгынан Кыргызстандын эки жараны каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий