• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Бишкек – Ош унаа жолуна таш түшүп, жол бир тараптуу жабык

Аймак 0

Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолунун 426-чакырымында тоо боорунан таштар түшүп, жол бир тараптуу жабык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жеринде кызматкерлер жана тиешелүү техникалар иштеп жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ашуулар аркылуу жолго чыга турган айдоочуларды жанына керектүү шаймандарды алып жүрүү менен каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий