• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖРТнын предметтик тести медициналык ЖОЖго тапшыруучу абитуриенттер үчүн милдеттүү – Билим берүү министрлиги

Билим 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Жалпы республикалык тесттин предметтик тести медициналык жогорку окуу жайга тапшырууну каалаган абитуриенттер үчүн гана милдеттүү болуп саналат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Асан кызы билдирди.

Ал башка адистиктерге тапшыруучулар үчүн предметтик тестти тапшыруу милдеттүү эмес экенин белгиледи.

"Бирок, бул абитуриенттер үчүн окуу жайга тапшырууда артыкчылык болушу мүмкүн. Баллдар жогору болот", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий