• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн кыргыз тилинен милдеттүү тесттин баасы 200 сом болот

Билим 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Кыргыз тили боюнча милдеттүү тесттин баасы 200 сомду түзөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Билим берүүнү баалоо окутуунун методикалары борборунун директору Чынара Батракеева билдириди.

Анын айтымында, тест жалпы республикалык тестирлөөнүн алкагында өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги буйрук чыгарган, ага ылайык кыргыз тилинен тест тапшыруу жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайына тапшыра турган абитуриенттер үчүн 2024-жылдан тартып милдеттүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий