• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Билим берүү министрлигинде башталгыч кесиптик билим берүү маселелери талкууланды

Билим 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. КР билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров башталгыч кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын директорлору менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кеңешмеде окуу процессин уюштурууга жана окуу жылын жыйынтыктоого тиешелүү актуалдуу маселелер талкууланды. Ошондой эле аккредитациялоонун жыйынтыктары жана жаңы окуу жылына план-прогноз түзүү маселелери каралды.

Кеңешменин жүрүшүндө эмгек рыногу менен окутуунун байланышын чыңдоого, мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгууга, ошондой эле интеграцияланган программалар боюнча окутуу мөөнөттөрүн 3 жылдан 2 жылга өзгөртүүгө багытталган ченемдик укуктук актыларга көбүрөөк көңүл бөлүндү.

Башталгыч кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын окуучуларынын жана кызматкерлеринин жай мезгилиндеги коопсуздугун камсыздоо маселелери да көңүл сыртында калган жок.

Пикир

Оставить комментарий