• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто «CASA-1000 жергиликтүү коомдорду колдоо» долбоорунун алкагында окутуучу тренингдер өтөт

Коом 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Ош шаарында Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу астында Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) тарабынан ишке ашырылып жаткан «CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо» Долбоорунун алкагында эки команда: коомдордун технологияларын колдоо боюнча эксперттер (КТКЭ) жана коомдорду өнүктүрүүнү колдоо боюнча эксперттер (КӨКЭ) үчүн тренингдер өттү.

2021-жылдын 25-майынан 28-майына чейин «COVID-19 шарттарында CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо» Долбоору үчүн Кошумча каржылоо долбоорун (ЖККД КК) ишке ашырууга тартылган коомдордун технологияларын колдоо боюнча эксперттер, АРИСтин областтык координаторлору жана адистеринин катышуусунда «ЖККД КК ишке ашыруунун максаты, милдеттери жана механизмдери» темасында окутуу жүргүзүлдү.

Ошондой эле 2021-ж., 26-28-майында негизги «CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо» Долбоорун ишке ашырууга тартылган коомдорду өнүктүрүүнү колдоо боюнча эксперттер (КӨКЭ) үчүн «ЖККД ишке ашыруу боюнча операциялык колдонмо жана Долбоорлор боюнча колдонмо» темасында окутуу өттү.

Окутуунун максаты эки долбоордун алкагында максаттуу коомдор менен иштөө үчүн эксперттерди, областтык координаторлорду жана АРИСтин адистерин даярдоо болуп саналат. Окутуунун тематикасы эксперттердин ролун жана функцияларын, сатып алуу процедураларына, долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында каржылык башкарууга окутууну камтыйт, ошондой эле тажрыйбалык сабактар өттү. Бул жерде «CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо» Долбоорун жана ЖККД ККны биргелешип ишке ашыруу боюнча толук талкуу, пикир алмашуулар жана сунуштар берилди.

Жогоруда белгиленген долбоорлорду эффективдүү ишке ашыруу максатында АРИСте максаттуу айылдардын өкүлдөрүнүн пикирлерин эске алуу үчүн онлайн-платформа түзүлгөндүгүн белгилей кетмекчибиз.

Маанилүү инструменттер жана мүмкүнчүлүктөр бар:
 Маалымат алмашуу жана ачып берүү, анын ичинде экологиялык инструменттер боюнча консультациялар/угуулар
 Айылдык порталдар/онлайн-жамааттар, ар бир айыл өзүнүн санариптик мейкиндигине ээ
 Реалдуу убакыт режиминде жооп берүү жана долбоордун бенефициарлары менен өз ара аракеттенишүү
 Жарандар комментарийлерди, фотосүрөт, аудио жана видеолорду (жазып алган учурда) калтыра алышат
 Кайсы гана тилге болбосун автокотормо
 Алынган маалыматтар АРИСтин Маалыматтык башкаруу системаларына жөнөтүлөт, реалдуу убакыт режиминдеги диагностика.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында коомдор тарабынан тандалган багыттар боюнча CASA-1000 ЭӨЧтүн таасир этүү коридорундагы 77 айылда электр тармактарын оңдоо, куруу, көчөлөрдү жарыктандыруу боюнгча тендердик процедуралар башталат.

Ошондой эле май айында Баткен, Жалал-Абад областтарынын коомдорунда «COVID-19 шарттарында ЖККД КК» ишке ашырууда «Максаттуу айылдарда социалдык инфраструктураны жана кызматтарды колдоо» 1 В подкомпонентинин алкагында биринчи цикл боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлорго артыкчылык берүү боюнча 50 айыл аймагынын жергиликтүү коомдору менен онлайн-талкуулар аягына чыгарылды.

Маалымат үчүн:

Кыргызстанда «CASA-1000» долбоорун ишке ашыруу башталды, анын алкагында Кыргызстан жана Тажикстан тарабынан жай мезгилинде электр энергиясынын ашыкчасын Пакистан жана Афганистанга экспорттоо үчүн жогорку вольттук электр өткөрүү чубалгыларын (ЭӨЧ) куруу пландалган.

ЭӨЧ каттамы Жалал-Абад, Ош жана Баткен областы аркылуу Тажикстан менен чек арага чейин өтөт. ЭӨЧтүн аракеттенүү коридорунда жайгашкан 77 калктуу конуш «CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо» долбоорунун алкагында ЭӨЧкө жакын жайгашкандыгына, калкынын жана айылдардагы жаштардын санына, ошондой эле жакырчылык көрсөткүчүнө жараша тигил же бул финансылык колдоо алышат.

Пикир

Оставить комментарий