• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда депутаттар муниципалдык нан бышыруучу цехтин ишмердүүлүгү менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары муниципалдык нан бышыруучу цехтин ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык кеңештин өнөр жай, ишмердүүлүк, айыл чарба жана соода боюнча туруктуу комиссиясы Пионерский көчөсүндө жайгашкан, муниципалдык нан бышыруучу цехтин ишмердүүлүгүн жана абалын жеринде көрүп чыгышты.

Эске салсак, нан бышыруучу цехи 2015-жылы Түркия мамлекетинин Тарсус шаарынан Жалал-Абад шаарына белекке берилген.

Пикир

Оставить комментарий