• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн юридикалык жактардын Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү

Экономика 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 2-мартта юридикалык жактар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) басма сөз кызматы билдирет.

Ага байланыштуу МСК декларацияны тапшыра элек юридикалык жактарды белгиленген мөөнөткө чейин тапшырууга чакырат.

Бүгүн аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 12.00гө чейин кабыл алышат.

Декларацияны өз убагында тапшырбаган юридикалык жактарга 5 миң сом өлчөмүндө айып салынат.

Эске салсак, 2-мартка чейин Бирдиктүү салык декларацияны ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

Пикир

Оставить комментарий