• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Артыкчылыктар берилген калктуу конуштарда жаңы түзүлгөн ишканалар бир катар салыктардан бошотулат – Экономика министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. Артыкчылыктар берилген калктуу конуштарда кайрадан түзүлгөн ишканалар бир катар салыктардан бошотулат. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, КР өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-апрелиндеги "КР Салык кодексинин 153, 159-1, 213, 315, 330, 344-беренелерин аткаруу боюнча чаралар тууралуу" токтомунун алкагында, артыкчылык берилген калктуу конуштарда кайрадан түзүлгөн ишканаларды мүлк салыгы, жер салыгы, пайдадан алынуучу салыктан жана сатык салыгынан бошотуу каралган.

"2019-жылдын 19-декабрында алгачкылардан болуп Токмок шаарынын мэриясы жана "Кыргыз Темир Групп" ЖЧКсы ортосунда инвестициялык келишим түзүлгөн. Ал келишимге ылайык, негизги шарттардын бири катары 5 жыл аралыгында 700 млн сом өлчөмүндө инвестиция салуу, 50дөн кем эмес иш орунун түзүү, өндүрүштүн көлөмүн 200 миң тонна кылуу жана киреше салыгын 387 миң сом өлчөмүндө төлөө каралган", - деп билдиришти министрликтен.

Министрликтен билдиришкендей, мындай артыкчылыктарды берүү аймактагы бизнести колдоо жана аймактарга инвестициянын келишине өбөлгө түзүү максатын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий