• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбек бийлиги пенсия курагын жогорулатпайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. 22-февралда Өзбекстандын каржы министри Жамшид Кучкаров өлкөдө пенсия курагын жогорулатуу пландалып жаткандыгы тууралуу социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөрдү четке какты.

Анын айтымында, учурда өкмөттүн пенсия курагын жогорулатуу планы жок. «Социалдык түйүндөрдө, басылмаларда пенсия курагы жогорулатылары жөнүндө билдирүүлөр чыгып жатат. Бул маалыматтар чындыкка дал келбейт.», — деди министр.

Буга чейин айрым өзбек басылмалар өлкөдө пенсия курагын жогорулатуу пландалып жатканын жазышкан. Daryo.uz сайты өкмөттөгү өз булактарына таянып, пенсия курагын эркектер үчүн 62 жашка, аялдар үчүн 58 жашка көтөрүү каралып жатканын жазган.

Мурдараак өлкөнүн Пенсия фондунун директорунун биринчи орун басары Медет Тлеуов Өзбекстанда азыркы пенсиялык системаны үч деңгээлдүү системага алмаштыруу пландалып жатканын билдирген.

Анын айтымында, биринчи деңгээлде жаранга минималдык өлчөмдөгү мамлекеттик пенсия төлөнөт. Экинчи деңгээлде пенсия жумушчунун айлык акысынан топтолгон сумманын эсебинен берилет. Үчүнчү деңгээлде жаран пенсиялык фондго чегериле турган сумманы өзү аныктайт.

Пикир

Оставить комментарий