• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сыра продукциясы маркалана баштады

Экономика 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. Кыргызстанда 2023-жылдын 1-январынан тартып сыра продукциясына карата акциздик марка киргизилген. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алсак, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, ТЭИ ТН 2203 товардык позициясында классификациялануучу, идишке куюлган жана куюлбаган сыраны өндүрүүдө жана импорттоодо акциздик жыйым маркасы менен милдеттүү маркалоо киргизилген.

2023-жылдын 1-июлунан тартып сыра продукциясынын маркаланбаган калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат.

Продукцияны маркалоо анын келип чыгышынын мыйзамдуулугун тастыктоо болуп саналат жана калкты контрафакттык товарларды керектөөдөн коргоого арналган.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери сырага карата акциз салыгы 30,8 млн сом өлчөмүндө түшүп, январь айындагы план 7 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2022-жылдын январь айына салыштырмалуу 12,6 млн сомго көп чогултулду.

Пикир

Оставить комментарий