• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин Свердлов районунун прокурорунун улук жардамчысы каза болду - некролог

Коом 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. 2023-жылдын 19-январында узакка созулган оорудан улам Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокурорунун улук жардамчысы, юстициянын майору Соломатова Виктория Сергеевна дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлайт.

Виктория Сергеевна прокуратура органдарында 16 жылдан ашуун эмгектенип, жардамчы, улук жардамчы, тергөөчү кызматтарын аркалаган.

Кызмат учурунда өзүн кесипкөй адис, юридикалык жактан компетенттүү жана жоопкерчиликтүү кызматкер катары көрсөтүп, прокуратура кызматкерлеринин арасында кадыр-барк топтогон.

Башкы прокуратуранын жана "Кабар" маалымат агенттигинин жалпы жамааты В. Соломатованын үй-бүлөсүнө жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий