• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2023-жылы жер жана суу мыйзамдарын бузуудан бюджетке 4 млн сом өндүрүлдү

Коом 0

Бишкек, 28.01.24. /Кабар/. 2023-жылы жер жана суу мыйзамдарын бузуудан бюджетке 4 млн сом айып пул өндүрүлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жерди жана сууну көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын директору Кабылбек Мамбатаипов билдирди.

Анын айтымында, Жер жана сууну көзөмөлдөө кызматы тарабынан отчеттук мезгилде жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жалпы саны 1213 түзгөн, анын ичинде:

- пландуу текшерүүлөр – 334;
- пландан тышкары текшерүүлөр - 370;
- контролдук текшерүүлөр – 509.

Мамбетаипов белгилегенлей, укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн саны – 454, пландуу жана пландан тышкары текшерүүлөрдү жүргүзүүдө табылган бузуулардын саны 1771 түзгөн, анын ичинде:

- жер жаатында 1050 бузуулар табылды;
- суу жаатында 721 бузуулар табылып, аларды жоюу боюнча, белгиленген тартипте жазма буйруктар берилген.

Ошондой эле берилген жазма буйруктардын аткарылышын көзөмөлдөө максатында, контролдук текшерүүлөрдү жүргүзүүдө 1165 бузуулар жоюлду, алардын ичинде:

- жер жаатындагы жоюлган бузуулардын саны - 699;
- суу жаатындагы жоюлган бузуулардын саны - 466.

Жазма буйруктар толук аткарылбагандыгы үчүн КР Укук бузуулар кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартылган айыпкерлердин саны 621 болду, анын ичинде:
- жер жаатында 491;
- суу жаатында 130.

Салынган айып пулдун жалпы суммасы 4 млн 863 миң 500 сомду түзүп, ал суммадан 4 млн сому өндүрүлүп, мамлекеттик бюджеттин эсебине төлөндү.

Отчеттук мезгилде коюлган доонун жалпы суммасы 45 281 826 сом түзүп, анын ичинде: - жер жаатында 44 927 596 сом; суу жаатында 354 230 сом. Коюлган доолордун суммасынан жалпы 19 270 534 сом мамлекеттин бюджетине өндүрүлдү.

Жер жана сууну көзөмөлдөө кызматы тарабынан мыйзамдарды бузууга байланыштуу 137 материал сот органдарына өткөрүлүп берилген, анын ичинде: каралган иштер- 83 жана кароодо турган иштер- 54. Укук коргоо органдарына 174 материал өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий