• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү боюнча кино ишмерлеринин жыйыны өтөт

Коом 0

Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 24-майда саат 15:00дө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргызстандын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча кино ишмерлери менен жыйын өтөт.

Министрликтин маалыматы боюнча, жыйын президент Садыр Жапаровдун улуттук кино индустриясын өнүктүрүү боюнча чыккан жарлыгынан улам өткөрүлөт.

Жыйын маданият, малымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун төрагалыгы астында өтөт. Анда алдыда жасала турган кадамдар жана биринчи кезекте чечүүгө муктаж болгон маселелер талкууланып, тиешелүү чечимдер чыгып, тапшырмалар берилет.

Катышуучулар:

1. Мукталы Бектеналиев - Кинематография департаментинин директору;

2. Айзада Усупбекова - Кинематография департаментинин директорунун орун басары;

3. Акжол Бекболотов - Т. Океев атындагы Кыргыз улуттук киностудиясынын директору;

4. Турсунияз Досалиев - "Кыргыз тасмасы" мамлекеттик ишканасынын директору;

5. Артык Сүйүндүков - Кыргыз Республикасынын эл артисти, кинорежиссёр;

6. Марат Сарулу - Кыргыз Республикасынын эл артисти, кинорежиссёр;

7. Айбек Дайырбеков - Кинематографисттер союзунун төрагасы;

8. Актан Арым Кубат - кинорежиссёр, Кыргыз Республикасынын эл артисти

Пикир

Оставить комментарий