• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

АКШда кыргызстандык дайынсыз жоголду

Коом 0

Бишкек, 10-апрель /Кабар/. Америка Кошмо Штаттарында 1997-жылы туулган кыргызстандык дайынсыз жоголду. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, КРнын АКШдагы элчилигине кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү кайрылган.

Маалыматта жоголгон Азиз Чиркеев 3-апрелде кечки саат 9да жумуштан чыккан бойдон үйүнө кайтып келген эмес.

Ошондон бери анын телефону өчүк, кайда экендиги белгисиз. Элчилик Чиркеевдин туугандары, диаспора өкүлчүлүгү жана АКШ, Нью-Йорктун укук коргоо органдары менен байланышып турат.

Кыргызстандын жараны жоголгондугу тууралуу маалымат АКШнын жергиликтүү ЖМКларына, социалдык тармактарга жарыяланган. Нью-Йорктогу кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жоголгон жаранды издөө чараларын жасашып, адамдар көп топтолгон жерлерге Чиркеевдин сүрөттөрүн илип чыгышты. Бирок учурда натыйжа жок.

.

Пикир

Оставить комментарий