• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чек арадагы конфискацияланган аткезчилик товарлар кайда сакталат?

Коом 0

Бишкек, 10-апрель /Мехриниса Сулайманова-Кабар/. Мамлекеттик чек арадан өтүүдө кармалган конфикацияланган аткезчилик товарлар убактылуу жайгаштыруу кампасына жөнөтүлөт, ал эми бул иш боюнча тергөө менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы алектенет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чек арадан мыйзамсыз алып өтүү себеби боюнча кармалган товарлар үчүн анын ээси айып төлөп, андан кийин гана алып кетет.

“Башкача айтканда, айып төлөнгөндөн кийин товарлар ээсине кайтарылат. Аны тергөө менен ЭККМК жана Прокуратура алектенет. МБК иштин материалдарын гана чогултат. Эгер ээси товарды алып кетпесе, анда ал убактылуу кармоо жайына жайгаштырылат. Убагы өткөндөн кийин ээсине эскертүү берилет. Ошондо дагы товар кампада калса, анда мамлекет сотко берет жана фемида товарды мамлекеттин пайдасына калтыруу чечимин чыгарат, ошол эле жерде ал кайсыл жакка жөнөтүлөрү айтылат, же ээсине айып төлөө милдеттендирилет”,-деп түшүндүрдү МБК.

Бажы кызматынан айып мыйзамда көрсөтүлгөндөй товардын суммасына ылайык салынарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий