• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын театрынын режиссеру Шамбет Мендебаиров дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 02.05.23. /Кабар/. М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу-драма театрынын режиссер-коюучусу Шамбет Мендебаиров 51 жаш курагында 1-майда мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Шамбет Мендебаиров 1972-жылдын 22-август айында Нарын облустуна караштуу Жумгал районунун Чаек айылында туулган.

1997-2003-жылдары Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун “Театр жана кино” факультетинин “Режиссура” кафедрасын аяктаган. Окуу жайдын 5-курсунда окуп жаткан мезгилде Нарын облустук М.Рыскулов атындагы музыкалуу-драма театрына келип, дипломдук ишине В.Дельмардын “Жашоо деген…” спектаклин койгон.

2012-жылдан ушул күнгө чейин М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу-драма театрында көркөм жетекчи, режиссер-коюучу болуп эмгектенген.

Нарын театрында койгон спектаклдери:

В. Дельмар “Жашоо деген …”,
Т.Якуб “Селим жана Ханыша”,
Ч.Калыбекова “Ботокөз”,
К.Мамбетакунов “Укей”,
В.Сологуб “Назик жүрөк”,
М.Байжиев “Төрт адам”,
К. Иманалиев “Актриса”,
С. Рысбаев “Адам пери”,
К. Култегин “Шыпыргы өмүр”,
К. Осмоналиев “Көчмөндөр кагылышы”,
Ага-ини Гримм “Бремендик музыканттар” балдар үчүн жомок,
“Щелкунчик” балдар үчүн жомок,
“Коркок жоокер” балдар үчүн жомок жана башкалар.

Сөөк узатуу тажиясы 3-майда саат 11:00дө Нарын шаарында Жаңы-Жол аймагында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий